Бүгүн, 4-сентябрда айрым маалымат булактарында “парламент депутаты Анвар Артыковдун Бишкек шаарындагы курулушу 2004-жылы мыйзамсыз башталган жаңы үйү сүрдүрүлө турган болду” деген маалыматтар чыккан. Бирок Анвар Артыков муну четке какты. Анын айтымында, үйүнүн документтеринин баары жайында. “Бишкектеги Фрунзе - Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй менин мыйзамдуу менчигим болуп эсептелет. Документтеринин баары мыйзамдуу. Келесоолор сүйлөп койсо эле аны сүрдүрүп салмак беле. Менин үйүм - жеке менчигим, эгер ал мамлекетке керек боло турган болсо, мени менен соодалашышы керек”,- дейт депутат.
Депутат ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун ишин сынга алган болчу. Анда ал “агенттиктин директору Турдубек Мамбетовду иштен алуу керек” деп чыккан.