Таластагы Боо-Терек жана Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери "мыйзамсыз жер берип жиберген" деп айыпталышууда

Быйылкы жылдын 1-сентябрында Бакай-Ата районундагы Боо-Терек жана Өзгөрүш айылдарынын жооптуу кызматкерлерине райондук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Алар жер жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактысы боюнча айыпталышууда. Башкы прокуратура буларды билдирет: 
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Жер кодексинин талаптарын бузуу менен 2012-жылдын 27-ноябрында токтом чыгарып, С.Ж. аттуу жаранга жайыт жердин аймагынан үй, сарай куруу үчүн мыйзамсыз жер берип жиберген. 
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жооптуу өкүлү Жер кодексинин талаптарын бузуп, мурда үй-жайы бар Ж.Ч. аттуу жаранга 2014-жылдын 16-майында токтом чыгартып, мыйзамсыз жер тилкесин берген. Фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан