Ыргал Кадыралиева мектептер курулганы менен, алардын жолдоруна асфальт төшөлбөй жатканына нааразы

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева аймактарда мектептер курулганы менен, алардын жолдоруна асфальт төшөлбөй жатканына нааразы. Муну депутат парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында айтып чыгып, буга өкмөттөн көңүл бурууну өтүндү. “Жолдордун, мектептердин курулушу – бул өнүгүү, жакшы саамалык. Бирок жолдор курулса, тротуары эске алынбай, мектептер курулса, анын жолдору асфальттанбай калууда. Мектептердин айланасына сөзсүз асфальт төшөлүшү керек, ансыз мекемени ишке берүүгө болбойт",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан