Алмазбек Атамбаев илим тармагын реформалоо боюнча өкмөткө сунуштама берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-сентябрда өлкөдө илим системин реформалоо жана илимий ишмердүүлүктү кайра жаратуу боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевге сунуштама жиберди. Сунуштамада илимий иштерди уюштуруунун жаңы, заманбап системин калыптандырууга, кыргыз илимпоздорунун дүйнөлүк аренага чыгуусуна шарт түзүүгө багытталган чаралар камтылганын президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчынын пикиринде, сунуштаманы ишке ашыруу Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясына шайкеш келет. "Кыргызстанда илимий ишмердүүлүктү уюштурууга жаңы кадрлар жана жаңыча аракеттер керек" деп айтылат президенттин сунуштамасында. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан