Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Муну бүгүн, 4-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ИИМдеринин кызматташтыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу маселелери талкууланат. Учурда Кыргызстандын ИИМи төрагалык кылган кеңештин жыйыны 4-6-сентябрь күндөрү орун алмакчы.