Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы телестудия жана радиостудия ачылды

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеште телестудиянын жана радиостудиянын ачылышы болду. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, теле жана радиостудияларын мезгилдин талабына жараша өзгөртүү иштери 2013-жылдын январь айында парламент тарабынан кабыл алынган ЖКны 2016-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлдү. Ачылыш иш-чарасына парламенттеги фракция лидерлери, вице-спикерлер жана бир катар депутаттар катышты. 

Депутат Роза Акназарова:Жогорку Кеңеште мезгилдин талабына жооп берген заманбап теле жана радиостудия алгачкы жолу республиканын эгемен жылдарында түзүлүп жатат. Бул парламенттин теле-радио долбоорлорунун сапатын жогорулатат жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө калкка маалымат жеткирүү иштерин жаңы деңгээлге көтөрөт”,- деп айтты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы телестудиянын базасында ар бир жумада эки телеберүү – “Парламент” жана “Парламентаризм сабактары” даярдалат.

“Парламент” радиосу аптасына беш күн саат 9:00дөн 17:00гө чейин чыгат. Радионун обого чыгуусу борбор калааны, облус борборлорун жана облус борборлоруна жакынкы райондорду камтыйт. Жогорку Кеңештин жыйындары өткөн күндөрү жыйындар залынан парламент жыйыны түз уктурулат. Ал эми калган күндөрдө депутаттар менен түз эфирлер уюштурулат, Жогорку Кеңеште өткөн иш-чаралар боюнча жаңылыктар, репортаждар, комитет менен фракциялардын жыйындарынын аудиожазмалары, “Парламент”, “Парламентаризм сабактары” телеберүүлөрүнүн радиоверсиясы берилет.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын май айында парламентте Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясынын алкагында пресс-борбор жана пресс-бөлмө ачылган. Пресс-борбордо депутаттар өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун актуалдуу маселелери боюнча маалымат жыйындарын өткөрүшөт. Пресс-бөлмө парламенттик кабарчылар үчүн шарттарды түзүү максатында ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан