Айрым өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда парламенттик башкаруу системи жолго салынып калды. Муну Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова бүгүн, 4-сентябрда “Парламент” радиосунун түз байланышында билдирди. Вице-спикер жайында АКШга иш сапары менен барып келгенин, андагы жолугушууларда бир катар өлкөлөрдүн парламенттик башкарууга өткөндөн кийинки жетишкендиктери жана оош-кыйыштары жөнүндө сөз болгонун айтты. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшү кадыресе жолго салынып калганын байкаганын кошумчалады.