Каныбек Осмоналиев, депутат: "Көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан дотация каралыш керек"

"Мектеп формасын милдеттүү түрдө турмушка ашыруу сунушун колдойм. Бирок бул жерде өкмөт эске ала турган бир жагдай бар. Көп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан дотация карап, колдоо көрсөтүлбөсө, форма сатып алууда калктын аялуу катмарына чындап эле кыйын болуп калат",- деди депутат Каныбек Осмоналиев "Парламент" радиосундагы маегинде. Депутат Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин бул сессиядагы биринчи жыйынында 2014-2015-жылдагы тармактык комитет тарабынан аткарыла турган иштердин так планы каралгандыгын кабарлады. "Ошондо Маданият министрлиги бир гана музейлер боюнча мыйзам долбоорун алып келбесе, калган туризм, массалык маалымат каражаттары, маалымат технологиялары багытында эч кандай мыйзам демилгелей алышкан жок деген сын-пикирлер айтылды. Берилген эскертүүдөн жыйынтык чыгарылыш керек. Болбосо, шашылыш шартта мыйзам токуй салуу иштин сапатсыздыгына гана алып келет",- дейт Осмоналиев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан