Бишкекте 4-сентябрда ОКТ (Ооганстан, Кыргызстан жана Тажикстан) Демилгелерине мүчө мамлекеттердин Башкы прокуратураларынын жетекчилигинин биринчи жолугушуусу өттү. Максаты - аталган өлкөлөрдүн ортосунда тергөө органдарынын баңгизат кылмышына каршы күрөшүү жаатында маалымат алмашуусуна, эл аралык, аймактык укуктук кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзүү. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан кызматташтыкты бекемдөө, прокурордук көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Тараптар Башкы прокуратура жетекчилигинин экинчи жолугушуусун да өткөрүүнү сунушташканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.