Улуттук банк: Жыл башынан бери доллардын курсу 8,4 пайызга өстү

Кыргызстанда 2014-жылдын 1-январынан 4-сентябрына чейин АКШ долларынын курсу 8,4 пайызга өстү. Муну 4-сентябрда Улуттук банк билдирди. Украина менен Орусиядагы кырдаалга жана мезгилдик факторго (суроо-талаптын күчөшү) байланыштуу ички валюталык рынокто доллардын курсу жогорулашын улантууда. 1-августтан 4-сентябрга чейин доллардын сомго карата курсу 3,1 пайызга (51,59 - 53,32) көтөрүлгөнү айтылды. Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларда алдамчылыкка туш болуп калбоо үчүн ишкерлерди жана карапайым калкты акча алмыштыруу жана төлөм жүргүзүүнү иш күндөрүнө тууралоого чакырат (эс алуу күндөрүнө эмес). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан