Бүгүн, 5-сентябрда Астана шаарында футбол боюнча Кыргызстан курамасы Казакстанга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Астана Арена” стадионунда өтө турган беттешке Бишкек сааты боюнча 19:00дө старт берилет.