Геология агенттиги "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугу эч кимге бериле электигин билдирди

Талас облусундагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү укугу азырынча эч кимге бериле элек. Муну 4-сентябрда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Агенттик "Талас алтын" ЖЧКсы аталган алтын кенин иштетүү укугун алышы мүмкүн деген маалыматтар жалган экенин кошумчалайт. "Геология агенттиги "Талас алтын" ишканасына мындай укукту берүүнү пландаган жана караган жок. Мыйзамга, тийиштүү токтомго ылайык, кенди иштетүү укугу сынак аркылуу гана берилет. Сынак комиссиясы өкмөттүн жарлыгы менен түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештеги фракциялардын, мамлекеттик органдардын, кен жайгашкан аймактагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирет. Сынакка тийиштүү талаптарга жооп берген ата мекендик жана чет элдик каалаган инвесторлор катыша алышат. Азыркы учурда "Жер-Үй" боюнча сынак өткөрүү чечимин өкмөт гана кабыл алат",- деп билдирет агенттик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан