Парламент Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учак боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалыматын угууну кийинкиге калтырды. Депутат Мыктыбек Абдылдаев 4-сентябрда парламент жыйынында ушул жылдын 18-июлунда Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагындагы тоолордо Ми-8 үлгүсүндөгү кулап түшкөн тик учак боюнча Коргоо министрлигинин маалыматын угууну талап кылган болчу. Спикер Асылбек Жээнбеков штаб жетекчилери Бишкекте эмес экенин айтып, маселени кийинкиге калтыруу сунушун киргизди.
“Штаб жетекчилери азыр шаарда эмес экен. Алардын качан келери азырынча белгисиз. Каршы болбосоңуздар, штабдын маалыматын угууну кийинки жумага калтыралы”, - деди спикер. Сунуш кабыл алынды.