Кыргызстанда 20 компания мунай жана газ чыгуучу жерлерди издөө менен алектенүүдө

Кыргызстанда азыркы учурда 20 компания мунай жана газ чыгуучу жерлерди издөө иштери менен алектенет. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, чалгындоо, казуу өңдүү иштерге 56 лицензия берилген. Өлкөдө 4 миңден ашык жаран газ, мунай тармагында иштеп, алар жылына мамлекеттик казынага 900 миллион сом киреше салууда (салык түрүндө). Республикада мунайды кайра иштетүүчү 6 ири ишкана бар экени, алардын экөө ишке кирүүгө даяр экени айтылды. "Эгер бардык заводдор ишке кирсе, өлкөнүн экономикасына жана жарандардын жакшы жашоосуна таасир этет",- деп айтылат маалыматта.
Агенттик 7-сентябрь - Газ жана мунай кызматкерлеринин күнү менен өлкөдөгү тармак кызматкерлерин куттуктады, аларга ден соолук, бакыт каалады.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан