Нарын шаарынын мэрлик кызматына 5 талапкер ат салышат

Нарын шаарынын мэрлик кызматына 5 талапкер каттоодон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-августтан тартып 29-августка чейинки убакытта беш адамдан сунуш түшүп, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 29-август күнү отурумун өткөрүп, №6-протоколунун чечимин чыгарышкан.

Каттоодон “Ата Мекенден” Автандил Молдосалиев, “Замандаш-Современниктен” Марат Ысмайылов, “Мекен ынтымагынан” Нурлан Максүталиев, “Ак шумкар” фракциясынан Рахат Адиев, жана “Республика” фракциясынан Нурбек Молдокадыров өткөн. Шайлоо 8-сентябрда өтөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан