Панфилов районунда өрт чыгып, тоо кыркаларындагы 50 гектар куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-сентябрь күнү саат 16:10 чамасында Тельман жана Кум-Арык айылдарынын ортосундагы тоо кыркаларында куураган чөп күйө баштаган. Аны өчүрүү иштерине 14 өрт өчүрүүчү, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, саат 20:35те өрт курчоого алынган. Өрт болгон жерде 3 өрт өчүрүүчү нөөмөттө калган. Тилсиз жоонун кесепетинен 50 гектар куураган чөп күйүп кетти.