Кыргызстанда балдардын ден соолугуна зыяндуу оюнчуктарга каршы бир айлык жарыяланды

"Кыргызпатент" балдардын ден соолугуна зыяндуу оюнчуктарга, азык-түлүктөргө каршы күрөшүүгө бир айлык жарыялады (сентябрь). Мекеменин маалыматына таянсак, 17-сентябрда бул темада тегерек стол өтүп, анда контрафакттык продукциялар менен күрөшүүдө мамлекеттик түзүмдөр менен өкмөттүк эмес уюмдардын өз ара иштешүүсү талкууланат. Иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Бишкек мэриясынын жана башка органдардын өкүлдөрү катышат.

Бир айлыктын алкагында 26-сентябрда “Контрафакттык дисктерге жол жок!” деген акция өтөт. Ошондой эле сентябрь айында ММКлар аркылуу атайын социалдык роликтер көрсөтүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан