Укук коргоо органдары жарым жылда 936 кылмыштын бетин ачышыптыр

Кыргызстандын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы быйылкы жылдын 6 айында өлкөдө баңгизатына байланышкан 936 кылмыш катталганын билдирди. Баңгизат кылмышы 12 фактыга көп, же 1,2 пайыз өсүптүр. Кылмыштардын көбүн ички иштер башкармалыктары ачкан. Мисалы, ОИИБ, РИИБилер 738 кылмышты, Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы 182 кылмышты, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 7, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 4, Мамлекеттик бажы кызматы 3, прокуратура органдары 2 кылмышты ачыкка чыгарган. 
Фактылар боюнча 925 кылмыш иши ачылып, 789 иш сотко жиберилгени айтылды. Колго түшкөн баңгизаттардын салмагы 12 тонна 259 килограмм. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан