Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде катардагы жоокерди сабаган эки кызматкерге кылмыш иши козголду

Ош шаарындагы №30-626-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер Асилбек Ажиевди сабагандардын үстүнөн Ош гарнизондук аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда аскер прокурору Өмүрбек Эрматов билдирди.
Анын айтымында, сабаган аскер кызматкерлери Эрлан Ырысбек уулуна жана Нургазы Чекировго Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 20-май күнү офицер Эрлан Ырысбек уулу Асилбекти себепсиз таяк менен 6-7 жолу сабаган. Сабалганын эч кимге айтпашын талап кылган. Буту шишип кеткенден кийин 2-июнь күнү аскердик бейтапканага жатып, 10 күн дарыланган, бирок бутунун шишиги тараган эмес.
Ал эми 21-июнда аскерлер жуунуучу жайда аталган аскер бөлүгүнүн сержанты Нургазы Чекиров Асилбек Ажиевди кур менен бутуна, башына, бөйрөгүнө урат. Жыйынтыгында сабалган Асилбектин абалы оорлошуп, 24-июнда аскер госпиталына жаткырылып, 27-июнда бутуна операция жасалган. Жабырлануучунун атасы Нурланбек Бөрүбаев уулуна ар кандай коркутуу болгонун, экинчи операциясы 9-сентябрда Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында болорун айткан. Аскердин сабалганына 2 айдан көп убакыт өтсө да, кылмыш иши козголбой келген.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chomly88
2014-09-06 09:07:25
Аскерде эркекти эркек тарбиялайт деп эле жаны эле мектепти аятаган жаш балдарды сабай бергени туура эмес,мындайды мыйзам чегинде Гана жазалаш керек.
0
malik.87kg
2014-09-07 01:21:21
кыргызстанда мыйзам барбы а жок нерсе ал билеги кучтуу жашайт кыргызстанда билими эмес зоокурлордун жашоосу болуп калган азыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан