Владимир Путин Монголиядагы иш сапарында гимн угуп жатып ыйлады

Орусиянын президенти Владимир Путин 3-сентябрда Монголиянын борбору Улан-Батор шаарындагы иш сапарында ыйлады. Окуя өлкөлөрдүн мамлекеттик гимнин угуу маалында болуп өттү. Монголия президенти Цахиагийн Элбэгдорждун жанында турган Путин улам-улам мурдун тартып, жашыганын жарыяланган видеотасмалардан көрүүгө болот. Көзүнөн аккан жашты президент кайра-кайра колу менен аарчып турду.  
Эскертме: Путин акыркы жолу (коомчулуктун алдында) 2012-жылдын 4-мартында президенттик шайлоодон утуп чыгып, миңдеген элдин алдында атактуу "Любэ" тобунун "Комбат" ырын угуу маалында көзүнө жаш алган. 

Путин Монголиядагы иш сапарында ыйлады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан