Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиядагы консулдарга мекендештердин укугун жакшылап коргоо тапшырмасын берди

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиядагы иш сапарынын алкагында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Муну 5-сентябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Санкт-Петербург, Хабаровск, Краснодар жана Оренбург шаарларындагы ардактуу консулдары катышты. "Кыргызстандын жарандарынын Орусияда болушунун актуалдуу маселелери талкууланды. Министр чет өлкөдөгү мекендештердин укуктарын коргоо ишин күчөтүү жана эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын жандандыруу тапшырмасын берди",- деп билдирет ТИМ. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан