Бишкекте Жаш Гвардия көчөсүндө коюлган теннис столдорун белгисиз жарандар ээлеринен күч менен тартып алышкан

Бишкекте Жаш Гвардия көчөсүндө коюлган теннис столдорун белгисиз жарандар ээлеринен күч менен тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-сентябрда билдирди. 

Маалыматтарга караганда, Жаш Гвардия көчөсүнөн теннис столдорун жана батутту ижарага берүү менен алектенген адамга бир нече жаран келип, анын буюмдарын күчкө салып тартып алышкан. Кийин теннис столдорун жана башка буюмдарын белгисиз тарапка алып кетишкен. Окуя тууралуу милицияга кабарланган соң, изи сууй электе кылмышка шектүү болгон 26 жаштагы борбор калаанын тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери уланып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
urmat_88-kg
2014-09-06 19:34:28
ООО укмуш иш кылышкан экен. Алдуулар ойлогонун кылган заман.
0
Ariet7
2014-09-10 16:14:43
арам оокатка конгон немелер да.ок арамдар десе,кара буларды ак нан таап жеп жатса да коро алышпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан