Тышкы иштер министри Эрлан Абылдаев КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен кечээ, 4-сентябрда Москвада жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар жолугушууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештик органдарынын кезектеги отуруму жана уюштуруу иштерине Кыргызстандын катышуусунун негизги аспектилерин талкуулады.
Айта кетсек, Абдылдаев учурда Орусияда тиешелүү тараптар менен жолугушууларды уюштуруп жүрөт.