Кыргызстанда 2014-жылдын алгачкы 6 айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун тийиштүү программасы аркылуу камсыздандырылган жарандарга 514 миң рецепт жазып берген. Мекеменин билдиришинче, бул сан өткөн жылкыдан 6 пайызга аз. Камсыздандырылган жарандарга кызмат көрсөтүүнүн саны жагынан Ош облусу алдыда (25 пайыз). Кийинки орунда Жалал-Абад облусу (20 пайыз), Баткен облусу (14 пайыз), Бишкек шаары (11 пайыз), Чүй облусу (8 пайыз), Ысык-Көл облусу (5 пайыз), Нарын облусу (5 пайыз), Талас облусу (5 пайыз). Камсыздандырылган жарандардын 41 пайызы пенсионерлер, 20 пайызы эмгекке жарамдуу адамдар, 9 пайызы балдар экени айтылды.