Бишкекте "унаалардан уурулук жасап жүргөн" деп шектелген жарандарды кармоодо курал колдонулду

Бишкекте "унаалардан уурулук жасап жүргөн" деп шектелген жарандарды кармоодо курал колдонулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлери Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан соода дүкөндөрүнө токтогон унаалардын айнектерин сындырып, баалуу буюмдарды уурдап жүргөн жарандарды кармоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. 4-сентябрда аталган аймакта күзөттө турган милиция кызматкерлери унаалардын биринен уурулук жасап жаткан жарандарды байкап калып, аларды кармоого аракет кылышкан. Бирок шектүү жарандар качып жөнөшкөн. Аларды кармоо үчүн милиция эскертүүчү ок чыгарууга аргасыз болгон. Мындан соң кылмышкерлер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Иликтөөдө кармалган жарандар Талас облусунун тургундары экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан