Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Ата шаардык ипподромунун аймагындагы тийиштүү жерлерге асфальт төшөө иштери бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти билдирди. Маалыматка таянсак, Кара-Ой жана Бостери курорттук комплекстерине баруучу жолдорго 60 тонна асфальт төшөлүптүр. "Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда пландаштырылган жол чуңкурларын оңдоо, жетишпеген жол белгилерин орнотуу, автопавильондорду актап-сырдоо иштери улантылууда жана ушул жумада бүткөрүлөт. Кырчын капчыгайына кеткен автожол "Семёновка-Ак-Суу" деп аталып, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жайгашкан №7-жол тейлөө ишканасынын балансына берилди",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, аталган оюндар 8-14-сентябрь күндөрү өтмөкчү.