Алмазбек Атамбаев: "Биз жаңы коркунучтарга, жаңы чакырыктарга жооп берүүгө даяр болушубуз керек"

Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы №2-мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин 42-отурумуна катышып жаткан ички иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы Кыргызстан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коопсуздукту чыңдоо маселелерине зор маани берерин белгиледи. “КМШ ички иштер министрлеринин кеңеши түзүлгөндөн бери олуттуу иштер аткарылды. Биздин биргелешип аткарчу иштерибиз көп, тарыхыбыз бир, өлкөлөрүбүздүн укук коргоо органдарынын ортосунда байланыштар бекем. Өлкөлөрүбүздүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенишүүнү бекемдөөдө ички иштер министрликтеринин алкагында кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилегим келет”,- деди Атамбаев.

Өлкө башчы коопсуздукка, коомдук тартипке, тынчтыкка жана туруктуулукка коркунучтардын алдын алуу жана аларга жооп кылуу чараларын өркүндөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу кызматташууну күчөтүп, маалымат жана маселе чечүү боюнча тажрыйба алмашуу зарыл экендигин белгиледи. “Азыркы заманда коркунучтар көбөйүп, алардын формалары өзгөрдү. Ири кылмыштуу уюмдар аракеттенген криминалдык чөйрө трансулуттук мүнөзгө ээ болуп, чек ара дегенди билбейт. Биз жаңы коркунучтарга, жаңы чакырыктарга жооп берүүгө даяр болушубуз керек. Мамлекеттерибиздин жарандарынын коопсуздугу жана өмүрү негизинен кызматташуубуздун канчалык жакшы уюштурулгандыгына жараша болот”,- деди президент.

Алмазбек Атамбаев КМШ алкагында коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жана укук тартибин чыңдоо маселелерине зор маани берилип жатканын белгилеп: “Бул кызматташуу өзгөчө форматка ээ, анткени коңшу өлкөлөрдөгү коопсуздук өзүңдүн коопсуздугуңдун бир бөлүгү эмеспи”,- деди.

Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин 42-отурумунун алкагында кол коюлган документтер КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн жана мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоодо зор мааниге ээ болоруна ишенерин айткан президент: “Кыргызстанга келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Кызматташуубузду өнүктүрүү үчүн бул жолугушуу абдан чоң мааниге ээ экендигине ишенем”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан