
* Мындан 120 жыл мурун, 1894-жылы манасчы
Саякбай Каралаев Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1918-жылдан тарта "Манас" айта баштаган. Айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500 500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" сыяктуу чыгармалары жарык көргөн. Саякбай Каралаев үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган. Улуу манасчы 1971-жылы 7-майда 75 жаш курагында каза болгон.

* Мындан 89 жыл мурун, 1925-жылы орусиялык жазуучу, драматург, сценарист, "Ералаш" киножурналынын башкы редактору
Александр Хмелик СССРдин Алупка шаарында туулган.
СССР убагында режиссёр Алла Сурикова ЦК КПССке кайрылып, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн балдарга арналган “Фитилёк” аттуу аналогун тартууга уруксат алып, бирок бул идеясын бат эле таштап салган. Анда долбоорду Александр Хмелик менен Борис Грачевский колго алышкан. “Фитилёк” деген ат Грачевскийге да, Хмеликке да, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн авторлоруна да жаккан эмес. Ошондуктан балдарга арналган көрсөтүүгө жаңы аталыш ойлоп табуу керек эле. Эки чоң адам татыктуу ат таба албай баштары катып турганда Хмеликтин 7-класста окуган кызы Наташа “Ералаш” деген атты сунуш кылган. Ошентип, киножурналдын тушоосу кесилип, сериялар биринин артынан бири тартыла баштаган. Александр Хмелик 2001-жылы 8-декабрда 76 жашында Москвада көз жумган.
* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы Конго (Заир) мамлекетинин диктатору
Мобуту Сесе Секо 66 жашында рак оорусунан көз жумган. Ал 1966-жылы мурдагы өкмөт башчысын, 3 министрди 50 миң кишинин көзүнчө дарга астырганы жана оппозиция өкүлдөрүн репрессиялагандыгы менен эсте калган. Мобуту Сесе Секо өлкө башында 1965-жылдан 1997-жылга чейин болгон.