Баткен облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү кечээ, 5-сентябрь күнү саат 20:11 чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу кыргыз-тажик чек арасында болуп, Баткен шаарынан 68 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок.