Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, кечээ, 5-сентябрь күнү “Чалдыбар-унаажол” өткөрүү бекетинде кыргыз чек арачылары тарабынан Казакстандын жараны кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда Макаров тапанчасы 8 огу менен жана 1 даана түтүн шашкасы табылган. Казак жараны Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Панфилов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.