Балыкчы – Чолпон-Ата унаа жолунда Хонда Одиссей жана Мазда Демио унаалары сүзүшүп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында катталган.
Жол кырсыгынан Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын ичиндегилер жабыркашкан эмес. Ал эми Мазда Демио унаасындагы айдоочу жана 3 жүргүнчү жабыркап, 1 жүргүнчү каза тапкан.