Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 5-сентябрында саат 08:30дан 6-сентябрь, саат 08:30га чейин республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталган.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 7, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Баткен облусу 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгышына электр каражаттарын пайдаланууда эрежелердин сакталбаганы себеп болгон.