Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына куттуктоо жолдоду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-сентябрда билдирди.

Куттуктоодо “Түрк кеңешинин колдоосу алдында өткөрүлүп жаткан абдан маанилүү маданий-спорттук иш-чаранын бардык катышуучуларын чын дилимден куттуктайм! Спорттук майрамдын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндары деп аталышы абдан жакшы жышаан. Бул алгачкы жана бирден-бир оюндар көптөгөн улуттук спорттун түрлөрүн жана улуттук-прикладдык чыгармачылыкты бириктирет. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндары маданияттар аралык диалогду жөнгө салуу боюнча мамлекеттер ортосунда интеграция жолундагы дагы бир кадам болуп, өлкөлөрүбүздүн бай мурастарын пропагандалоо ишине көмөктөшөт деп ишенем. Оюндардын катышуучуларына өз күчүнө ишеним, унутулгус таасирлерди жана спорттук, чыгармачыл жеңиштерди каалайм” деп жазылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан