Бир канча күндөн бери "Ошто жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып коюуда" деген маалымат тарап, ата-энелерди дүрбөлөңгө салууда. Бул боюнча ИИМдин Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков: "Ошто жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып коюуда" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чын экенин тактоо үчүн Ош шаардык ИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бирок ал такталган жок жана ИИБ тарабынан бул боюнча бир да факты катталган эмес",- деди.
Андыктан Ош шаардык ИИБи жарандарды такталбаган жалган маалыматтарды таратып, дүрбөлөңгө салбоого чакырат.