Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип 26 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1991-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнө ачкычтар топтому аркылуу кирип, баалуу буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча оперативдүү иштер жүрүп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.Д. аттуу айым кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.