Орусия батыштын кезектеги санкцияларына өлкө аймагынын үстүнөн чет элдик авиакомпаниялардын учактарынын учуп өтүүсүн чектөө менен жооп берүүгө аргасыз. Муну Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев маалымат булактарынын бириндеги маегинде билдирди. Медведев санкциялар Украинада тынчтыкты орнотууга эч кандай жардам бербейт деген пикирде. "Эгерде энергетикага, биздин мындан аркы каржылык тармагыбызды чектөөгө байланышкан санкциялар болсо, бизге тийиштүү жоопту берүүгө туура келет. Мисалы, транспорттук тармакты чектөө. Биздин өнөктөштөр менен достук мамилебиз бар, ошон үчүн Орусиянын үстүнөн учуп өтүү эркин. Бирок бизди чектесе, жооп берүүгө мажбур болобуз",- деди Медведев.
Премьер белгилегендей, мындай кадам көптөгөн батыштык авиакомпанияларды банкрот кылат.