Бишкектеги мончолордун биринен өрт чыгып, бир жаран денесинен күйүк алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кечээ, 7-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 6-сентябрь күнү саат 15:15 чамасында Бишкектеги Саратовская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн мончосунан өрт чыккан. Анын кесепетинен мончонун 15 чарчы метр жыгач жасалгасы жана 1935-жылы туулган үй ээси Любовь Елисеева I даражадагы күйүк алган. Учурда ал ооруканада. Өрттүн келип чыгышына мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.