Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кечээ, 7-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 6-сентябрь күнү саат 23:00 чамасында Чолпон-Ата – Каракол унаа жолунун 102-чакырымында Субару Форестер унаасы менен Мерседес Гигант үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен Субару Форестер унаасынын айдоочусу, 1980-жылы туулган Сулайманов каза болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.