Курманбек Дыйканбаев: "Бюджет кодексинин жаңы долбоору ишке ашканы турат"

Ысык-Көл облусунда 5-7-сентябрь күндөрү Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин көчмө жыйыны өттү. Жыйынга парламент депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер катышты. Анда талкууланган маселе - парламент депутаттары менен өкмөттүн биргелешкен жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан КРнын Бюджет кодексинин долбоору. Депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, буга чейин эки жолу – 2000 жана 2006-жылдары бирдиктүү Бюджет кодексин иштеп чыгуу аракеттери болгон, бирок аягына чыкпай калган. “Буюрса, үчүнчү аракетибиз – Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен даярдала баштаган Бюджет кодексинин долбоору ишке ашканы турат”,- дейт ал.

Ал эми каржы эксперттеринин пикиринде, Бюджет кодекси кабыл алынып калса, мамлекеттик бюджет мамилелерине байланыштуу 16 мыйзамдын жоюлушу күтүлөт.

Белгилей кетсек, КР Бюджет кодексинин долбоору 2012-жылдан тарта Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жана өкмөт тарабынан өз-өзүнчө даярдалып, андан соң биргелешип түзүлгөн жумушчу топ тарабынан кайрадан иштелип чыккан. Ал долбоор 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, концепциясы биринчи окууда жактырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан