Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 46 сомго жакындады

Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 46 сомго жакындады. Өткөн апта, 1-2-сентябрь күндөрү АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы көпчүлүк автоунаага май куюучу жайларда 45 сом 10 тыйынды түзсө, 8-сентябрга карата 45 сом 80 тыйынды түзүүдө. Автоунаасына мурда 92-үлгүдөгү бензин куюп жүргөн айрым айдоочулар баалар өскөндөн кийин АИ-80 үлгүсүндөгү бензин колдонууга өтүштү. Учурда АИ-80 38,7 сом, АИ-95 48,2 сом, АИ-98 51,4 сом болууда. 
Айта кетсек, сентябрда Кыргызстан боюнча бензиндин баасынын 5 пайызга көтөрүлүшү күтүлөрүн буга чейин КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирген эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан