Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан каракчылык фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 20 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал Бишкек шаарынын Рыскулов жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эки адам бычак менен коркутуп, жанындагы уюлдук телефонун жана акчасын алып кетишкенин айткан. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү делинип 29 жаштагы Азат жана 19 жаштагы Болотбек кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.