Парламенттин тармактык комитети кийинки аптада сугат суусунун тартыштыгын талкуулайт

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 8-сентябрдагы жыйынында сугат суусунун тартыштыгы боюнча маселе козголду. Депутаттар бул боюнча Суу чарба департаментинин отчётун угууну сунуштады. "Суу чарба департаментинин өкүлдөрүн чакырып, сугат маалында суунун жетишсиз болгонунун себебин сурайлы. Союз маалында суу кенен жетчү, бүгүн эмне үчүн жетпейт? Муну иликтей турган комиссия да түзүш керек",- дешти депутаттар. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов бул маселе кийинки аптада карала турганын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан