Токтогул районунда тоо кыркалары күйүүдө

Токтогул районунда тоо кыркалары күйүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 7-сентябрь күнү саат 17:30 чамасында аталган райондун Ачык тилкесиндеги тоо кыркаларында куураган чөп өрттөнө баштаган. Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар тартылып, саат 22:50 чамасында курчоого алынган. Учурда да өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен 10 гектарга жакын чөп жана бадалдар күйүп кеткен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан