Парламент. Депутаттар тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди "жарым жылдан бери жыйынга келбейт" деп сындашты

Парламент депутаттары тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди "жарым жылдан бери жыйынга келбейт" деп сындашты. Министрди бүгүн, 8-сентябрда ЖКнын Эл аралык иштер комитетинин жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов айыптап чыкты. "Тармактык министр болгондон кийин комитеттин ар бир жыйынына келүүгө милдеттүү. Бирок дайыма орун басарын жиберип коёт. Тышкы иштер министрлиги биздин суроо-талаптарга жооп бербей жатат, мындайда иш болбойт",- деди ал. Башка депутаттар да пикирди колдошуп, ТИМ аркылуу кирген бир катар мыйзам долбоорлорду кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан