"Манас" аэропортунан кечээ, 7-сентябрда Боинг-737 учагы абага көтөрүлө албай артка кайтууга аргасыз болгон. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор социалдык түйүндөр аркылуу билдиришүүдө.
Маселен, уча албай артка кайткан учактын жүргүнчүсү, журналист Аркадий Гладилов социалдык баракчасына “Ал эски Запорожецке окшоп абага көтөрүлө албай, какап-чакап 200 метр бийиктиктен кулап баштады. Бирок учкуч туура чечим кабыл алды, ал артка кайтып, аэропортко конду. Калтырап-титиреп бийик көтөрүлө албай жатканда канаттары жулунуп кетет го деп ойлогом. Ушул учактарда учкандан көрө эшек менен жүргөн артык” деген билдирүү калтырган.
Бул боюнча “Эйр Бишкек” компаниясына байланышканыбызда, учактын артка кайтышы боюнча жарандык авиация тарабынан атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөнү жаткандыгы тууралуу билдиришти.