Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети бир катар эл аралык макулдашууларды карап жатат

Бүгүн, 8-сентябрда парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети бир нече эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун талкуулоодо. Отурумга өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар катышууда. Учурда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жакшы шарттарды түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып жатат. Депутаттардын суроолоруна КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жооп берүүдө.

Министр Султанов: “Башка мамлекеттердеги жүк ташуучу унаалар деле Кыргызстандагыдай эле. Ал эми бул тармактан Кыргызстандын бюджетине 200 миң доллар түшүп турат. Учурда Кыргызстандын 3,5 миң машинасы эл аралык каттамдарда. Ал эми Кытайдан бизге 38 миң унаа кирип чыгат. Анын жарымы Кыргызстандыкы”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан