Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Ай айылынын тургундары ичүүчү таза суусуз жашап жатышат. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 8-сентябрдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов айтып чыкты. Депутат айыл тургундары таза суу чыгартууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтат. "Айыл эли күтүүдөн чарчады. Суу алып барууга тийиштүү каражат бөлүнгөн, бирок жергиликтүү кызматкерлер көйгөйдү чечүүнү кечиктирип жатышат",- деген депутат таза суу маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиши керектигин кошумчалады.