Эртең, 24-январда "Ала-Тоо" аянтына 2010-жылдын 7-Апрель окуясында жабыр тарткандардын жакындары митингге чыгышат. Алар аталган окуя боюнча күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу талабын коюшмакчы. Бул тууралуу "Мекен шейиттери" уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев билдирди. Айтымында, митингге 500дөй жаран катышуусу күтүлүүдө. Жамансариевдин айтымында, 7-Апрель окуясынын жабырлануучулары бул окуяга күнөөлөнүп жаткандардын бири Данияр Дунгановдун үй камагына чыгарылышына каршы.