Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин бүгүн, 8-сентябрдагы жыйынында Эл аралык “Манас” аэропортунун жабдууларын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбооруна ылайык, Япония Кыргызстанга 16 миллион долларлык техникалык жардам берүүдө. Депутаттардын суроолоруна КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жооп берди.
“16 миллион долларга чейинки өлчөмдө грант бөлүнөт. Япониянын эксперттери келип, аэропорт менен таанышып кетишти. Тендер Японияда өткөрүлөт. Биз мүмкүнчүлүк түзүп берсек, алар келип жабдыктарды орнотуп кетишет”,- дейт министр.