Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү "кызмат абалынан пайдаланган" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облусундагы Т.Зулпуев атындагы айыл аймагы боюнча жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан пайдалангандыгы ачыкталган. Белгилүү болгондой, аталган министрликтин кызматкерлери «С-Б-Лимитед» аттуу кытай компаниясына айыл чарба иштерине багытталган жер тилкесин кум, шагыл алуучу карьер катары Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин лицензиясын албастан бөлүп берип коюшкан.
Аталган факт боюнча учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы маалым болду.